• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстан ТИМ башчылары кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 11-мартында Анталья шаарындагы Экинчи «Анталья дипломатиялык форумуна» катышуунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө жолдорун талкуулашты.

Алдыда боло турган бийик жана жогорку деңгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.

Чек ара жана аймактар аралык кызматташтыкты активдештирүү жаатында тараптар КР президентинин чек арага чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек арага чектеш облустарынын хокимдеринин кеңешинин кезектеги жыйынын жакын арада Кыргызстанда өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар ошондой эле соода жүгүртүүнүн мындан аркы динамикалык өсүшү жана анын көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү үчүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу жаатында биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бул контекстте Р.Казакбаев Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун күчүнө киргендигин жана ал иш жүзүндө ишке кирише баштагандыгын белгилеп, бул фонддун ишин активдештирүүнү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында чек ара соодасы үчүн соода-логистикалык борборду жана «Эркечтам-Дароот-Коргон-Үч-Коргон» автожолун куруу долбоорлорун ишке ашыруу жолу менен активдештирүүнү сунуштады. Өзбекстандан Кыргызстанга электроэнергиясын жеткирүү боюнча тараптардын активдүү өз ара аракеттенүүсүнүн динамикасы белгиленди.

Мындан тышкары, тараптар учурдагы эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашты. Украинанын айланасындагы кырдаалга токтолуп, тараптар саясий-дипломатиялык жолдор менен жаңжалды жөнгө салуу максатында тез арада деэскалациялоо, согуш аракеттерин токтотуу жана сүйлөшүүлөргө кайтуу зарылдыгы боюнча бир пикирде болушту.

Пикир

Оставить комментарий