• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиктери кызматташтыкты активдештирет

Коом 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Кечээ Өзбекстандын улуттук маалымат агенттигинде “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев менен жолугушуу болду.

Жолугушууда кыргыз жана өзбек элдери эзелтеден эле жакшы коңшулукта жашап келе жатканы, тарыхы бир, маданияттары жана диний баалуулуктары, каада -салттары окшош экени белгиленди. Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов айткандай, “биздин элдердин каны, тили бир”.

Кыргызстан Өзбекстандын тышкы саясатында маанилүү ролду ээлейт. Эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү тең укуктуулуктун жана өз ара кызыкчылыктын негизинде бекемделүүдө. Пандемия учурунда Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү, эки эл бири-бирин колдоп турду.

Эки өлкөнүн достук мамилечин андан ары өнүктүрүүдө ЖМКдар маанилүү ролду ойнойт. Эки өлкөнүн тең өзгөрүүлөрү жана ийгиликтери менен бөлүшүү эки элди кубандырат.

К.Таабалдиев – Өзбекстанда өткөн маанилүү социалдык-саясий иш-чаралардын активдүү катышуучусу. Ал эл аралык эксперт катары 15-16-июолда Ташкентте өткөн “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыштар. Коркунучтар жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу эл аралык конференцияга дагы катышкан. Бул жолу Өзбекстандын президентин шайлоого байкоо жүргүздү.

“Өзбекстандыктардын шайлоого катышуусу кубандырды. Бул чыныгы майрам болду. Бардык жер таза, тартиптүү, эч кандай ызы-чуу жок, барынын маанайлары жакшы. Мен беш шайлоо тилкесине бардым. Мен Ташкент мамлекеттик университетинде жайгашкан шайлоо тилкесине саат 9да бардым. Ошол учурда шайлоочулардын 10%ы добуш беришкен экен. Шайлоо тилкесинин өкүлдөрү байкоочулардын бардык суроолоруна ачык-айкын жооп берип жатышты”, - деди Таабалдиев.

“Кабар” - УзАнын жакын өнөктөшү. 2017-жылы эки агенттиктин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлуп, “Кабар” агенттигинин сайтында “Өзбекстан кабарлары” атайын бөлүмү ачылган.

Жолугушууда Борбордук Азияда жакшы коңшулуктун жана кызматташтыктын атмосферасын чыңдоо аркылуу аймактын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин өкүлдөрүнүн жолугушууларын уюштуруу сунушу киргизилди. Тараптар журналисттердин катышуусунда медиафорум өткөрүүнүн жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Маектешүү чын ыкластуулуктун жана достуктун духунда өттү, деп билдирди Өзбекстан агенттигинен.

Пикир

Оставить комментарий