• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстан менен Жаңы Зеландия халал индустриясын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жолдорун талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Жаңы Зеландия халал индустриясын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жолдорун талкуулады.

Аталган маселе «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков менен Жаңы Зеландиянын Москва шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандагы элчиси Сара Мэри Уолштун жолугушуусунда каралган.

Тараптардын жолугушуусу 29-мартта Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында өткөн.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын болгон потенциалын аныктоо жана ишке ашыруу, атап айтканда, тажрыйба алмашуу аркылуу халал индустриясы тармагында ишкердик байланыштарды түзүү боюнча күч-аракет жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Тараптар адал этти кайра иштетүү тармагынын кирешелүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу максатында илимий-изилдөө иштерине инвестиция салуу маселелерине токтолушту.

Өз кезегинде борбордун директору А.Кайырбеков «Кыргыз Республикасындагы эт халал паркы» долбоору тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, адал эт Жаңы Зеландиянын экспорттогон продукцияларынын тизмесинде негизги орундардын бирин ээлейт. Бүгүнкү күндө исламдын нормаларына туура келген бардык эттер дүйнөнүн 108ден ашуун өлкөсүнө экспорттолот.

2022-жылы Жаңы Зеландиянын эт өнөр жайынын экспорттук кирешеси 11 миллиард долларды түздү. 1 миллион тоннадан ашык продукция же 85 пайызы чет өлкөлөргө жөнөтүлдү. Жаңы Зеландиянын кой жана эт фермалары буга чейин дүйнөдө халал кызыл эттин эң көмүртектүү жана туруктуу өндүрүүчүлөрүнүн бири.

С.Мэри Уолш кыргыз малынын этинин жана органикалык азыктарынын жогорку сапатын белгилеп, ошондой эле борбор менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий