• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан мобилдик интернет арзан өлкөлөрдүн катарына кирет

Коом 0

Бишкек, 07.03.19 /Кабар/. Кыргызстан дүйнөдөгү мобилдик интернеттин наркы эң арзан өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу Cable.co.uk компаниясы жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгына таянып кабарлады.

Жарыяланган тизмеге ылайык, дүйнөнүн 230 өлкөсүнүн ичинен Индияда мобилдик интернеттин наркы эң арзан – бир ГБ интернет 0,26 долларды түзөт.

Кыргызстанда бул тизмеде экинчи орунда – бир ГБ интернеттин баасы 0,27 доллар түзөт.

Ал эми Казакстанда – бир ГБ интернет 0,49 доллар жана бул көрсөткүч менен коңшу өлкө үчүнчү орунда турат.

Британдык эксперттер мобилдик интернеттин ар бир ГБтынын орточо баасын доллар менен эсептеп, дүйөнүн өлкөлөрүндөгү интернет тарифтеринин бааларын эсептеп чыгышкан.

Тизмеде 62-орунда турган Францияда – бир ГБ интернеттин орточо баасы 2,99 долларды түзгөн. Германияда бир ГБ интернет 6,96 долларды түзүп 140-орунда жайгашкан. Ал эми АКШда бир ГБ 12,37 доллар турат жана 182-орунга жайгаштырылган.

Тизменин аягында жакыр жана өнүкпөй калган өлкөлөр жайгаштырылган. Мисалы, Экватордук Гвинеяда бир ГБ интернеттин баасы 65,83 долларды түзүп, 229-орунда, Зимбабведе 75,2 долларды түзүп 230-орунда жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий