• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан мобилдик интернет арзан өлкөлөрдүн катарында экинчи орунда

Коом 0

Бишкек. 06.03.19 /Кабар/. Кыргызстан мобилдик интернет арзан өлкөлөрдүн катарында экинчи орунда. "Cable.co.uk" изилдөө компаниясы дүйнөдөгү мобилдик интернеттин наркы арзан өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанды экинчи, Казакстанды үчүнчү орунга жайгаштырган. Бул тууралуу Fars агенттиги маалымдады.

Жарыяланган тизмеге ылайык, дүйнөнүн 230 өлкөсүнүн ичинен Индияда мобилдик интернеттин наркы эң арзан жана бир ГБ интернет 0,26 долларды түзөт.

Кыргызстанда бир ГБ интернеттин баасы 0,27 долларды түзгөндүктөн экинчи орунга, ал эми коңшу өлкө Казакстан (бир ГБ интернет 0,49 доллар) үчүнчү орунга жайгаштырылган.

Британдык эксперттер мобилдик интернеттин ар бир ГБтынын орточо баасын доллар менен эсептеп, дүйөнүн өлкөлөрүндөгү интернет тарифтеринин бааларын эсептеп чыгышкан.

Тизмеде 62-орунда турган Францияда бир ГБ интернеттин орточо баасы 2,99 долларды түзгөн. Германияда бир ГБ интернет 6,96 долларды түзүп 140-орунда жайгашкан. Ал эми АКШда бир ГБ 12,37 доллар турат жана 182-орунга жайгаштырылган.

Тизменин аягында жакыр жана өнүкпөй калган өлкөлөр жайгаштырылган. Мисалы, Экватордук Гвинеяда бир ГБ интернеттин баасы 65,83 долларды түзүп, 229-орунда, Зимбабведе 75,2 долларды түзүп 230-орунда жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий