• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстан мобилдик интернеттин арзандыгы боюнча дүйнөдө экинчи орунда

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Британиялык Cable.co.uk порталы өлкөлөр боюнча дүйнөдөгү мобилдик интернеттин баасы тууралуу маалыматты жарыялады. Рейтинг дүйнөнүн 230 өлкөсүндөгү жашоочулар үчүн мобилдик интернеттин 1 гигабайтынын баасынын негизинде расмий маалыматка ылайык түзүлгөн.

Кыргызстан бул рейтингде 1 гигабайт 0,15 америка центи баасы менен экинчи орунга чыккан, бул 2021-жылдын апрелине карата 12,75 сомго барабар.

Андан кийин Фиджи, Италия, Судан, Россия турат. Рейтингде биринчи орунда Израиль, анда 1 гигабайт мобилдик трафик болгону 0,5 америка центине барабар.

КМШ өлкөрү боюнча алсак, Кыргызстандан кийин Россия (0,29 с), Молдова (0,32 с), Беларусь (0,49 с), Казакстан (0,59 с), Өзбекстан (0,60 с), Украина (0,75 с), Армения (0,76 с), Азербайжан (1,82 с), Тажикстан (2,60 с), Трмөнстан (21,41 с).

Пикир

Оставить комментарий