• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Молдованын ЕАЭБдин байкоочусу болуу ниетин колдойт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 23-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан Молдованын Евразия экономикалык биримдигинин байкоочусу болуу ниетин колдойт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов билдирди.

Буга чейин ЖМКда Молдова президенти Игорь Додон ЕАЭБдин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин учурдагы төрагасы Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атына республикага Евразия экономикалык союзунун алдында байкоочу статусун берүү тууралуу суроо жибергени тууралуу маалымдалган.

“Кыргызстан бул суроону алды жана Молдованын Евразия экономикалык биримдигинин байкоочусу болуу ниетин колдойт”, - деди А.Үсөнов.

Пикир

Оставить комментарий