• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан мусулмандарынын 6-курултайынын делегаттары Президент А.Атамбаевге ыраазычылык кат жолдошту

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын 6-курултайынын делегаттары КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык кат жолдошту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө ыраазычылык каттын толук тексти берилет:

“Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевге Кыргызстан мусулмандарынын 6-курултайынын делегаттарынын атынан Ыраазылык кат!

Урматтуу Президентибиз Алмазбек Шаршенович! Сизге, Кыргызстан мусулмандарынын 6-курултайынын делегаттарынын жана жалпы мусулмандардын атынан Коргоо Кеңешинин дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясында Ханафий мазхабын, Матуридий акыйдасын бекемдеп, жайылтууга колдоо көрсөткөндүгүңүз, өлкөбүздө дин маданиятын өнүктүрүүдө “Ыйман” фондун түзүп, ал аркылуу эл башчысы катары тарыхта алгачкы жолу дин кызматкерлеринин жашоосуна көңүл буруп, аалымдарыбызга жана имамдарыбызга стипендия уюштуруп, имамдардын, дин кызматкерлеринин, дааватчылардын билим деңгээлин жогорулатып, квалификациясын арттырууга шарт түзүп бергендигиңиз, ажылыкты ачык-айкын жогорку деңгээлде өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгүңүз жана жалпы эле динибизге кылган кызматыңыз үчүн терең ыраазылык билдиребиз. Алла Тааладан Сизге жана үй-бүлөңүзгө чың ден соолук, ишиңизге ийгилик, мамлекетибизге тынччылык, эли-журтубузга ынтымак, биримдик жана береке берүүсүн сурайбыз.

Кыргызстан мусулмандарынын 6-курултайынын делегаттары”.

Пикир

Оставить комментарий