• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан мусулмандарынын курултайы 26-июнга жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын курултайы 26-июнга жылдырылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-майда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин 17-протоколдук жыйыны өтүп, өлкөдөгү пандемиялык абалдан улам курултайды жылдыруу, каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын курамын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынды.

"Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уставында көрсөтүлгөн эрежеге ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кызмат ордуна талапкерлерди кайрадан каттоо жүргүзүлүп, кайрадан конкурс өткөрүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин 17-протоколдук жыйынына Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев жана көпчүлүк Аалымдар кеңешинини мүчөлөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий