• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстан Назарбаев менен Бабановдун жолугушуусунан кийин казак тарапка нааразычылык нота жиберди

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 20.09.17. /Кабар/. Казакстандын Кыргызстандагы иштери боюнча убактылуу өкүлү Р.Карибжанов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен КРнын президенттик кызматына талапкер Өмүрбек Бабановдун жолугушуусуна байланыштуу ТИМне чакырылды.

Кыргызстандын атынан Казакстан тарапка дипломатиялык нааразычылык нота жиберилди:

Нотанын текстинде: “Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине өзүнүн сый-урматын көрсөтүү менен төмөнкүнү билдирет:

КР ТИМ Казакстандын президенти Н.А.Назарбаевдин Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин бири менен болгон жолугушуусуна жана алдыдагы шайлоодо аны колдоосуна түшүнбөй жаткандыгын билдирет. Казакстандын өлкө башчысы Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпей тургандыгын билдиргенине карабастан, анын сөздөрү Казакстан тараптын келечектеги Кыргызстандын президентин тандоосун чагылдырат.

Ошондуктан кыргыз тарап жогоруда айтылгандарды Казакстан тараптын КРнын ички иштерине кийлигишип жана аны кеңири чагылдыруу менен Кыргызстандын элинин тандоосуна таасир берип, өлкөнүн ички иштерине кийлигишип жатат деп эсептейт”,-деп жазылат.

Эске сала кетсек, кечээ, 19-сентябрда Казакстан президентинин расмий сайтында Нурсултан Назарбаев менен Өмүрбек Бабановдун жолугушкандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий