• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан — Непал командаларынын оюну тең чыгуу менен аяктады

Спорт 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы "Үч улуттун кубогу" мелдешине катышууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Аталган футболдук беттеш 22-мартта башталып, 30-мартка чейин уланат. Мелдешке Кыргызстандын 23 жашка чейинки футболчулары катышууда. "Үч улуттун кубогуна" Кыргызстан, Непал жана Бангладештин командалары күч сынашууда. Кыргызстандык футболчулар 25-мартта Непалдын курама командасы менен оюн өткөрүп, 0:0 эсебинде тең чыгышты.

Эскерте кетсек, 23-мартта Кыргызстан Бангладештин курамасына 1:0 эсебине утулуп калган. Кыргызстандын курамасынын финалга чыгуусу 27-мартта боло турган Непал — Бангладеш командаларынын беттешинин жыйынтыгына байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий