• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстан Орусиядагы шайлоого 56 байкоочу жөнөтөт

Дүйнө 0

Бишкек, 16.03.18. /Кабар/. Кыргызстан 18-мартта Орусияда өтө турган президенттик шайлоого 56 байкоочу жиберет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматтарга караганда, Орусия БШКсы 2 киши чакырган. Шанхай кызматташтык уюму –3, КМШ – 27, ЕККУ миссиясы – 16, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы – 2, ЖККУнун Парламент ассамблеясы – 1, ЕККУнун Парламент аралык ассамблеясы – 3, Жогорку Кеңеш 2 киши жөнөтөт.

Орусиядагы президенттик шайлоо учурунда Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Кара-Балта, Чолпон-Атада алты шайлоо тилкеси ачылат. 56 байкоочунун 13ү Кыргызстан аймагындагы шайлоо жараянына көз салат.

Пикир

Оставить комментарий