• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан Пакистан аркылуу жаңы логистикалык каттам боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Экономика 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Азыркы учурда Кыргызстан Пакистан аркылуу жаңвы логистикалык каттам аркылуу жүк ташуу боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев “Кыргызстан – Пакистан” бизнес форумунда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, атап айтканда төмөндөгүдөй кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө:

- айыл чарба продукциясын экспорттоо-импорттоо;

- фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү;

- эки өлкөнүн ортосунда туризмди өнүктүрүү;

- Текстил өнөр жайы жана башка тармактардагы сунуштар.

“Биз бугүн өткөрүп жаткан форум мурда жетишилген макулдашууларды улантуу менен гана чектелбестен, эки тарапка тең товар берүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү табууга шарт түзөт. Биз мамлекеттик кызматкерлерди, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүн, белгилүү бир тармактын негизги чечимдерин кабыл алуучуларды, муниципалдык ишканаларды, өлкөнүн ири жана орто бизнес өкүлдөрүн чакырдык”, - деди Сариев.

Бул бизнес-форумга келген Пакистан делегациясынын курамында Кыргызстандын рыногунда суроо-талапка ээ болгон фармацевтика, текстиль, химиялык өнөр жай, спорттук товарлар, айыл чарба өнөр жайы жана азык-түлүк, булгаары жана башка товарлар сыяктуу тармактардын өкүлдөрү бар.

Сариев Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгы көп жылдардан бери уланып келе жатканын жана өсүү тенденциясы оң экенин белгиледи. Расмий маалыматтар боюнча, 2022-жылы Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүү 11 млн 961 миң долларды түзсө, анын ичинен экспорт 1 млн 292 миң доллар, импорт 10 млн 669 миң долларды түздү.

Белгилей кетсек, Пакистандан Кыргызстанга фармацевтикалык продукциялар, текстиль жана трикотаж кездемелеринен тигилген кийимдер, тамак-аш азыктары жана айыл чарба продукциялары (күрүч, чай, цитрус жемиштер, өсүмдүк майы) жана башкалар, ал эми Кыргызстандан төө буурчак, тирүү мал жана тери экспорттолот.

Пикир

Оставить комментарий