• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан-Палестина: Ак шумкарлар оюнга ак форма менен чыгат

Спорт 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина менен болгон оюнга ак форма менен чыгат. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Федерациядан белгилешкендей, эртең боло турган беттештин алдында уюштуруу комитети жана командалардын расмий өкүлдөрүнүн кеңешмеси өткөн. Анын жыйынтыгы менен Ак шумкарлар ак форма, ал эми Палестина курамасы кызыл формачан ойной турган болду.

Командалардын беттеш алдындагы расмий машыгуусу бүгүн Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. КРнын курамасы оюн талаасына саат 19:00дө, Палестина саат 20:15те чыгат.

Пикир

Оставить комментарий