• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан парламентинин алгачкы синхрондук котормочусу Жумагүл Карагулова тууралуу бир нече факты

Коом 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Кыргызстан парламентинин алгачкы синхрондук котормочусу, дасыккан, бай тажрыйбага ээ адиси Жумагүл Карагулова былтыр октябрь айында 60 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Чанда кезигүүчү жана өтө татаал кесиптин адиси катары ал 1995-жылы Жогорку Кеңештин I чакырылышынан тарта иштей баштап, мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө, мамлекеттик тилде синхрондук котормону өзүнчө адистик катары калыптандырууга жана өнүктүрүүгө, мыйзам долбоорлоруна лингвистикалык экспертиза жүргүзүүгө, ошондой эле синхрондук котормо боюнча адистерди даярдадоого бараандуу салым кошкон.

Жумагүл Карагулова тууралуу бир нече факты;

Кесиптин өзгөчөлүктөрү. Синхрондук котормо – оозеки котормонун психологиялык жана физикалык жактан абдан татаал түрү. Анын жүрүшүндө котормочу баяндамачынын сүйлөгөн сөзүн угуп, дароо токтоосуз, 2-3 гана секундага кечигүү менен ээрчий которот. Бир тилден экинчи тилге которуу, угуу, ойлонуу, сүйлөө жүрүмү менен бир убакта жүргүзүлөт. Бул татаал жана жетиштүү деңгээлдеги адистикти талап кылган кесипти аркалоо баардык эле котормочу-адистердин колунан келе бербейт. Ошондон улам, алардын саны дайыма чектелүү.

Жумагүл Карагулова өлкөнүн жогорку окуу жайлары адистештирилген синхрондук котормочуларды даярдабай келгендиктен, 15 жылдан ашык кыргыз парламентинин жалгыз синхрондук котормочусу болуп эмгектенип келген. Ошого карабастан, ушул мезгил ичинде ал өз демилгеси менен бир нече адисти даярдап, өз кесибине үйрөтүүгө жетишти. Алар азыркы убакта өз устатынын ишин парламент ичинде да, башка мекемелерде да ийгиликтүү улантып келет.

Мугалимдик иши. Жумагүл Карагулова 1958-жылы Кемин районунун Боролдой айылында туулган. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетин, ал эми 1991-жылы кыргыз филология факультетин бүтүргөн. Окуусун бүтүрүп, ал бир нече жыл айылдын жана ордо калаанын мектептеринде орус тил жана адабият боюнча мугалими, андан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин философия кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. Андан кийин Улуттук Илимдер академиясынын Адабият жана искусство институтунун Дүйнөлүк адабият бөлүмүндө илимий кызматкер катары көркөм котормо маселелерин изилдеп келген.

Парламенттеги иши. Жумагүл Карагулова 1995-жылы атайын жарыяланган сынактын негизинде Жогорку Кеңештин Аппаратына орношуп, парламенттин I чакырылышынан тарта VI чакырылышына чейин иштеген. Ошону менен бирге, 1995-2017-жылдары Жогорку Кеңештин Котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн улук консультанты, эксперти, бөлүм башчынын орун басары, Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Жумагүл Карагулова расмий жана мамлекеттик тилдерде кесипкөйлүк менен котормонун жазма жана оозеки (синхрондук) түрлөрүн жүзөгө ашырган, мыйзам актыларын эки тилде теӊ редакциялай алган. Юридикалык документтердин, ченемдик укук актылары менен мыйзам долбоорлоруна лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн. Андан тышкары, Президенттин жана Өкмөттүн аппараттарына, Кыргызстанда иш жүргүзгөн БУУ, ПРООН, ЮСАИД, ОБСЕ, Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык уюмдарга мыкты котормочу катары тартылып, алардын бир катар ири долбоорлорун жүзөгө ашыруу иштерине жакындан катышкан.

Мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кошкон салымы. Мыйзам долбоорлоруна жана башка ченемдик укуктук актыларга карата лингвистикалык экспертиза жүргүзүү зарылчылыгы пайда болгондугуна байланыштуу, Жумагүл Карагулованын аракети менен Жогорку Кеңеште Лингвистикалык экспертиза бөлүмү ачылган. Мындай демилге кабыл алынган мыйзамдардын сапатын жогорулатууга, андагы коллизияларды четтетүүгөөбөлгө түзгөн. Ошентип, ал жалпысынан өз өмүрүнүн 23 жылын мыйзам чыгаруу тилин калыптандырууга жана аны андан ары өркүндөтүүгө арнады.

Ал – КР Президентине караштуу Улуттук мамлекеттик тил боюнча терминологиялык комиссиясынын мүчөсү болгон. 2006-жылы ЮСАИД уюмунун колдоосу менен бысылып чыккан «Юридикалык терминдер менен түшүнүктөрдүн кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгүнүн», «Терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнүн” авторлорунун бири. Ошондой эле, ал «Мыйзам долбоорлоруна лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча методикалык колдонмонун” редактору жана иштеп чыгуучуларынын бири катары белгилүү.

Өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө Казакстандын Мажилисинде жана Россиянын Мамлекеттик Думасында лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча стажировакадан өтүп келген.

Андан тышкары, бир катар жазуучулардын чыгармаларын орус тилине көркөм которуу ишине да жигердүү катышкан. Алардын арасында эл аралык сыйлыктарга арзыган чыгармалар да бар. Мисалы, Каныбек Иманалиев менен Канайым Иманалиеванын китептери эл аралык сынактарда Алтын медаль жеӊип алган.

Премьер-министрдин Алкыш каты. Кезинде экс-премьер-министр Темир Сариевдин атынан Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбековдун дарегине биргелешкен кызматташуунун алкагында жетишкен ийгиликтери үчүн алкыш каты келип түшкөн. Катта төмөнкүдөй айтылат: “2015-жылдын 25-майында Москва арбитраждык соту Кыргызстандан Ли Джон Бэк Корея жаранынын жана анын «Central Asia FEZ Development Corporation» компаниясынын пайдасында 22,5 млн АКШ долларын өндүрүү жөнүндө Москва соода-өндүрүштүк палатасына караштуу Арбитраждын чечимин четке какты.” Ошондой эле буга чейин Кыргызстан Кыргыз Республикасынан 118 млн АКШ долларын өндүрүү жөнүндө «Stans Energy Corp» жана «Kutisay Mining» ЖЧКсынын доолорунун, ошондой эле 2,3 млн АКШ долларын өндүрүү жөнүндө «О.К.К.В» ЖЧКсынын доосунун четке кагылышына жетишкен. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Карагулова Жумагүл Сариевна ушул доолор боюнча экспертизаларды жүргүзүүдө жигердүү катышкан.

Ушул сот процесстеринде КР ЖК Аппаратынын Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Ж.Карагулованын берген корутундусу негизги ролду ойногондугун ынануу менен белгилей кетүү керек, анткени Москва арбитраждык сотто иштерди кароонун жүрүшүндө “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамдын кыргыз тилиндеги тексти негиз болуп алынган.

Ушуга байланыштуу экспертиза сабаттуу жана жогорку деңгээлде жүргүзүлгөндүгү үчүн Өкмөттүн атынан Жогорку Кеңештин адиси Ж.Карагуловага алкыш билдирүүгө уруксат этиңиз. Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо максатында КР Өкмөтү мындан ары дагы кыргыз парламенти менен кызматташууга даяр...».

Эмгегин баалоо. Көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн Ж.Карагулова төмөнкүдөй мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган:

-«Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» (2002),

-«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине – 70 жыл» медалы (2009),

-КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси (2013),

-Кыргыз Республикасыны Премьер-министринин алкыш каты (2015),

-«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги”(2017),

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынынI класстагы кеңешчиси” класстык чени бар.

Жумагүл Карагулованын артында бир уул жана эки кызы, беш небереси калды.

Пикир

Оставить комментарий