• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Кыргызстан» партиясы шайлоого катыша турган болду. Жогорку сот БШКнын арызын канааттандырган жок

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. КРнын Жогорку соту Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын канааттандырган жок.

27-августта Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» саясий партиясынын бузууларга байланыштуу документтерин кабыл албай койгон Боршайкомго каршы жазган арызын канааттандырган болчу.

Кийин БШК «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине байланыштуу Жогорку сотко кассациялык арыз жөнөткөн.

Бүгүн акыркы инстанция Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Белгилей кетсек, өлкөнүн Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) партиянын документтерин эреже бузууларга байланыштуу артка кайтарып берип, шайлоодон четтеткен болчу.

Пикир

Оставить комментарий