• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Кыргызстан» партиясынын үгүт кербени Чүй облусунда

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев жана Аргынбек Малабаев, Абдухолик Махмануров, Атыргүл Ибраимова жана Асель Атабекова Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылынын, Васильевка айылынын жана Москва районунун Чоң-Арык айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Канатбек Исаев партинын «Эл үчүн» деген программасында көптөгөн маселелерди чечүү жолдору бар экенин баса белгилеп, партиянын программасында өлкөнүн экономикасын жана медицина тармагын өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууда чечкиндүү реформа боюнча ж.б. бир катар сунуш-пикирлер камтылганын айтты. Ошондой эле партия лидери «Кыргызстан» партиясы куру убадалардан алыс болуп, алдыдагы 5 жылга амбициялуу, бирок аткарыла турган милдеттерди койгонун белгиледи.

«Биздин партия бул багытта куру убада менен эмес, өндүрүш менен өнөр-жайга жана өлкө экономикасына иш жүзүндө салым кошуп келүүдө. Биз өлкө боюнча жалпы 100дөй ишкана түптөдүк. Ал ишканаларда бүгүнкү күндө 5 миңден ашык адам эмгектенет. 5 миң адам деген 5 миң үй-бүлө. Бул үй-бүлөлөр чет өлкөлөргө тиричилик кылуу үчүн кетишкен жок. Биздин максат мамлекетте туура мыйзамдарды кабыл алып, сырттан инвесторлорду тартып, өлкөдө көп жаңы ишканаларды ачуу», - деп кошумчалады ал.

Иш-чара учурунда партиянын лидери жана талапкерлери шайлоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп беришти. Суроолор көбүнчө партиянын программасы, аны ишке ашыруу жөнүндө болду.

Аталган аймактын жашоочулардын негизги көйгөйлөрү сапаттуу медицинанын жоктугун, мектеп, жол, ичүүчү таза суунун жетишсиздигин айтышты. Шайлоочулар ошондой эле төрөткана үйүн куруп берүүлөрүн суранышты.

Өз кезегинде Исаев врачтардын айлыктарын жогорулатуу, медицина тармагын өнүктүрүү партиянын «Эл үчүн» деген программасынын бир бөлүгү экенин айтты.

«Биз «Кыргызстан» партиясы сөз кылып жаткан иш чараларды ишке ашырууга толук потенциалы жана мүмкүнчүлүгү бар. Биз кыска мөөнөттүн ичинде өлкөнү экономикалык кризисттен чыгаруунун жолун көрүп турабыз», - деди Исаев.

Ошондой эле партия лидер «Кыргызстан» партиясынын командасы эл арасынан сурулуп чыккан, духу күчтүү, тажрыйбалуу, жаратман лидерлерден куралганын айтты. Андан сырткары Исаев шайлоочуларга кайрылып, добуштарын сатпоого чакырды.

«Урматтуу шайлоочулар добушуңарды сатпастан, ар бирибиз өз добушубуз аркылуу мамлекетибиздин эртеңки тагдырын чечүүгө салымыбызды кошолу. Себеп, 4-окятбрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгы менен мамлекеттин келечеги аныкталат. Өкмөттү ким башкарат жана курамы кандай болот? Элдин жашоо турмушу оңолобу? Экономика кризисттен чыгабы? Мунун бары алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы менен аныкталат. Ошондуктан бардыгы биздин колдо. Менин добушум эмнени чечмек эле деп туруп, анча мынча тыйынга же тааныш, тууган суранды эле деп туруп, добуш берип койбойлу. Чыныгы татыктуу партияны жүрөгүңүз менен тандап, татыктууларга шарт түзүп бериңиздер. Эгер бизди колдосоңуздар болгон күчүбүз менен элибиз, мамлекетибиз үчүн иштеп бергенге даярбыз», - деди Исаев.

Жолугушуунун соңунда айыл тургундары партиянын лидери Канатбек Исаевге жана талапкерине ак жол каалап, ак сакалдар «Кыргызстан» партиясынын жеңип чыгуусуна ак батасын беришти.

Материал «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий