• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан полиция ишмердиги боюнча Кореянын тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Кыргызстан полиция ишмердиги боюнча Кореянын тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар. Бул тууралуу КР ички иштер министринин орун басар Курсан Асанов Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ё менен болгон жолугушууда билдирди.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, жолугушууга Кореянын КРдагы элчилигинин биринчи катчысы Ким Хён Джонг катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча эки өлкөнүн кийинки кызматташууларын бекемдөө жана Кыргызстандагы Корея Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелери талкууланды.

"Жолугушуунун алкагында Асанов Кыргызстан полиция ишмердиги боюнча Кореянын тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий