• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан потенциалдуу инвесторлорго мамилесин өзгөртүшү керек – Панкратов

Экономика 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. “Биздин өлкө потенциалдуу инвесторлорго болгон мамилесин өзгөртүшү керек”, - деди КР экономика министри Олег Панкратов өкмөттүн отурумунун жүрүшүндө.

Анын айтымында, инвесторлор Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүндө чоң роль ойношот. Бирок бардык каалоочулар өз салымын кошо алышпайт.

“Инвесторлорго болгон начар мамиледен улам биз аларды жоготуп жатабыз. Эгер биз муну өзгөртпөсөк, алдыга жыла албайбыз”, - деди Панкратов.

Ошондой эле ал быйыл Кыргызстандын экономикалык абалы 2,8 пайызга жетиши керектигин белгиледи.

“Бирок учурда кайсы-бир министрликтин максаттарга жетүүсүнө эч кандай индикаторлор жок. Ведомстволордун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп туруу үчүн атайын текшерүү түзүшүбүз керек. Анын жардамы менен кайсы министрлик берилген тапшырманы аткарып жатканын, кайсынысы аткарбай жатканын так биле алабыз”, - деди экономика министри.

Пикир

Оставить комментарий