• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан программисттерди даярдоо боюнча улуттук программа кабыл алат

Президент 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. "Биз өз өлкөсү үчүн эмгектене турган, дүйнөлүк рынокто атаандаштык жарата алган күчтүү программисттерди даярдоо боюнча жаңы улуттук программаны кабыл алуунун алдында турабыз", - деп билдирди президент Садыр Жапаров биринчи Элдик курултайдын жүрүшүндө.

"Жакынкы жылдары миңдеген программисттерди даярдап чыгарууга жетишсек, бүгүнкү күндө сыртта иштеп жүргөн мекендештердин өлкөгө которгон каражаттарынан да көп киреше кирерине жол ачылат. Муну менен катар дүйнөнүн булуң-бурчунда санарип жана нанотехнология жаатындагы атактуу компанияларда иштеген эр-азаматтарыбыздын өз Ата Мекенине пайда келтирсем деген ой-максаттарынын ишке ашуусуна шарт түзүп, көмөк көрсөтсөк, өз өлкөсүндө иштөөгө өбөлгө болуп берсек деген да планыбыз бар", - деди президент.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына биринчи Элдик курултайды өткөрүү белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий