• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан Путинди жаңы протокол боюнча тосуп алат

Саясат 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапарынын алкагында өтө турган жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жаңыланган протокол боюнча өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

"Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында журналисттер кыргыз тарап россиянын лидерин эмне менен таң калтырат деген суроо узатышты.

"Алдыдагы визит жаңы форматта өтөт. Муну менен биз бир гана конокторду эмес, өзүбүздү да таң калтыра алабыз. Анткени, мындай макам менен биринчи жолу өтө турган протоколдук тажрыйжа алдыда дагы колдонулат", - деди Сыдыков.

Андан тышкары, ал VIII кыргыз-россиялык региондор аралык конференциянын жана маданий-билим берүү тармагындагы иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Маалымат жыйындын катышуучулары Владимир Путинге жана делегаттардын мүчөлөрүнө кандай даамдар тартуулана тургандыгына да кызыгышты.

Сыдыковдун айтуусунда, конокторго негизинен кыргыздын улуттук тамактары тартууланат, ошондой эле дасторконго европанын тамактарынан да коюлат.

Пикир

Оставить комментарий