• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан Россиядан экспорттук материалдар боюнча маалымат алууга билдирүү жөнөттү

Экономика 0

Бишкек, 25.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстан Россиядан экспорттук материалдар боюнча маалымат алууга расмий билдирүү жөнөттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Анын айтымында, Россия тарап берген маалымат боюнча, 2020-2021-жылдары ал өлкөдөн аткезчилик жол аркылуу келген токой материалдарында эле айырма 250 миллион сомду түздү.

“Биз экспорттук материалдар боюнча маалымат алуу үчүн Россиянын бардык мамлекеттик органдарына билдирүү жөнөттүк. Ушул айдын аягына чейин толук маалымат алабыз. Мындай жумушту Казакстан, Белорусь жана Армения менен дагы улантабыз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий