• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Россиядан эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүүдө көмөктөшүүнү суранды

Коом 0

Бишкек, 23.11.18 /Кабар/. Кыргызстан орус тарапка Россиянын аймагындагы эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүүдө көмөктөшүүсүн суранып кайрылды. Мындай сунуш Бишкекте эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусу учурунда айтылды.

Кыргыз тарап жолугушууда Россияда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. КР жарандарын Россия Федерациясынын миграциялык каттоосуна тургузуу, кыргыз жумушчуларына өз убагында айлык акысын төлөп берүү, милдеттүү медициналык камсыздоо жана кыргыз айдоочулук күбөлүктөрүн РФнын коммерциялык автотранспортун башкаруу үчүн колдонуу маселелери каралды.

“Кыргыз тарап мекендештеринин Россиядагы жашоосун жеңилдетүү үчүн бул маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү суранды”, - деп билдиришти Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен.

Ошондой эле өзгөчө көңүл РФда эмгектенип жаткан мигранттардын жашы жете элек балдарынын абалына бурулду. Россиянын мамлекеттик органдары тарабынан кароосуз калган кыргыз балдары тууралуу КРнын консулдук мекемелерин алардын мекенине кайтып келүүсү үчүн кабардар кылып туруу суралды.

ТИМдин маалыматына караганда, тараптар Россиянын аймагындагы кыргыз жарандарынын абалын жакшыртуу кызыкчылыгында өз ара тыгыз аракет тууралуу макулдашышты.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Россияда 650 миң Кыргызстандын жараны иштейт.

Пикир

Оставить комментарий