• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Россияга жеңил өнөр жайынын бир катар товарларын экспорттоочуларга маркалоо коддорун бере баштады

Экономика 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасы Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекттик салык кызматынын (МСК) жана Кыргыз Республикасында товарларды маркалоонун улуттук системасынын оператору «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун атынан 2021-жылдын 20-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай товарларынын айрым топторуна Россия Федерациясына текстиль продукциясын жеткирүүчү өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар үчүн маркалоо коддорун берүүгө киришти. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, берилип жаткан маркалоо коддору Россия Федерациясынын маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт жана операторлор аралык алмашуунун алкагында «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна берилет.

Товарлардын көрсөтүлгөн топторун өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар маркалоонун GTIN-коддорун алуусу үчүн алгач GS1 Kyrgyzstan предметтик нумерациялоо ассоциациясына кирүүсү зарыл.

Андан кийин гана «Альфа Телеком» жабык акционердик коому менен текстиль продукциясын жүгүртүүнүн катышуучуларына маркалоо коддорун берүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн келишим түзүлөт. Анын негизинде маркалоо коддоруна тапшырык жөнөтүлүүчү, товарга коюу жана аны жүктөп жөнөтүү катталуучу системага кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Россия Федерациясына экспорттоодо бир катар жеңил өнөр-жай товарлары маркаланууга тийиш, анын ичинде:

- кийим буюмдары, анын ичинде табигый же курама булгаарыдан жасалган кийимдер (ТНВЭД- 4203 10 000)

- аялдар же кыздар үчүн машинага же колго токулган жеңил кийимдер: блузкалар, блуздар жана блузондор (ТНВЭД- 6106)

- пальто, жарым пальто, накидкалар, плащтар, курткалар (анын ичинде лыжа үчүн), ветровкалар, штормовкалар жана ага окшош эркектер же эркек балдар үчүн буюмдар (ТНВЭД- 620

- пальто, кыска пальто, накидкалар, плащтар, курткалар (анын ичинде лыжа үчүн), ветровкалар, штормовкалар жана ага окшош аялдар же кыздар үчүн буюмдар (ТНВЭД- 6202)

- төшөк, ашкана жана даараткана буюмдары (ТНВЭД- 6302).

«Альфа Телеком» ЖАКы менен келишим түзүү үчүн төмөнкү даректер боюнча тейлөө борборлоруна кайрылууга болот:

Бишкек шаарында:

- Восток-5 кичи району, Чүй проспекти, 32/б үйү, «Изумруд» соода борборунун жанында ;

- Кожевенная көчөсү, «Дордой» базары, 15 өтмөк, № 60-61 конт. ("Мир обуви");

- Чүй проспекти, 204, «Берекет Гранд» СБ, 0-этаж;

- Айтматов проспекти, 3, «Asia Mall» СБ, этаж 0.

Ош шаарында – Масалиев проспекти, 2 (багыттама –Каныкей эстелиги).

Кара-Суу шаарында – Бакиев көчөсү (багыттама – К. Жакыпов атындагы мектеп-интернаты).

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты «Текшер» системасынын https://main.teksher.kg расмий сайтынан, ошондой эле акысыз 116 номерине 0 999 333 999 номерине чалуу аркылуу Салык кызматынын маалымат борборунан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий