• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Россиянын өлкөдө биолаборатория түзүү сунушун четке какты

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Россия Кыргызстанга өлкөнүн аймагында BSL-3 деңгээлиндеги биологиялык лаборатория курууну сунуштаган, бирок кыргыз тарап долбоорду ишке ашырууга каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, биолаборатория түзүү долбоору 14-апрелде Москвада соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында талкууланган.

Кыргызстан менен Россиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин жыйынынын жыйынтыгында саламаттык сактоо жаатында, анын ичинеде медициналык, илимий жана билим берүү уюмдарынын ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү жолу аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга макулдашышты.

Ошондой эле тараптар эл аралык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү боюнча россиялык демилгелердин алкагында жугуштуу ооруларды биргелешкен изилдөө, алдын алуу жана ага жооп берүү маселелери боюнча кызматташууну улантууну чечишти.

Пикир

Оставить комментарий