• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Росссиядан туристтер көп келген беш өлкөнүн катарына кирди

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасынан Россиядан келген туристтердин агымы боюнча биринчи бешиликке киргендигин ТурСтат” агенттиги жазат.

Белгиленгендей, агенттик 2017-жылдын 3 ай аралыгында Россиянын туристери кайсы өлкөгө көп баргандыгын аныктап чыккан.

Иликтөөгө ылайык, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Росссиянын туристери көп чыккан беш өлкөнүн катарына кирген.

“ТурСтаттын” маалыматы боюнча, быйыл үч айдын аралыгында Россиядан туристердин эс алууга баруусу өскөн. Бул өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 24%га жогору.

Кыргызстан Россиялык туристтердин арасында популярдуу мамлекеттердин катарына кирет.

Ушул жылдын биринчи кварталында Россиялык туристтердин Кыргызстанга келүүсү 16 пайызга 44 миңге чейин жеткен.

Россиялыктар сууга түшүүгө ыңгайлуу катары Доминикана, Куба, Вьетнам, Бириккен Араб Эмираттарын жана Таиландды эсептесе, сейилдөө үчүн Чехия, Италия, Испания жана Франция мамлекеттерин тандашат.

Пикир

Оставить комментарий