• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан ШКУ банкы Бишкекте жайгашуусун туура көрөт

Саясат 0

Астана, 9-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Кыргызстан ШКУ жана “Шанхай бешилтигин” түзүүчүлөрдүн бири болуп саналат. Мындан улам биз ШКУ банкы Бишкекте түзүлүп жана орун алышына өзгөчө маани беребиз”, - деди президент Алмазбек Атамбаев ШКУнун Астанадагы саммитинде.

Мамлекет башчысы билдиргендей, соода-экономикалык кызматташтыктын натыйжалуу өнүгүүсү аймактарда коопсуздуктун бекем болушун шарттайт. Мамлекеттин жарандарынын жыргалчылыгы, экономикалык маселелердин чечилиши экстремисттик идеяларды жайылтууга бөгөт коюу, жергиликтүү башаламандыктын алдын алуу менен байланышкан. “Биз, албетте, соода-экономикалык кызматташтыктын активдешүүсүн колдойбуз. ШКУ банкын түзүү маселесин көтөрүүгө убакыт келди деп ойлойм. Биз ШКУ банкы Бишкекте түзүлүп Бишкекте жайгашканы туура болот деп эсептейбиз”, – деди А.Атамбаев.

Мамлекет башчы инфраструктураны өнүктүрүү негизги ролду ойнорун, бирок, “Бир алкак- бир жол” глобалдык идеясында келтирилген инфраструктуранын өнүгүүсүсүз интеграциялык процесстердин тереңдеши ишке ашпай турганын билдирди. Бул идеялар ШКУнун 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы жана БУУнун 2030-жылга чейинки турукту өнүгүү программасы менен үндөш.

“Мындан улам, Кытай–Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгилегим келет. Ошондой эле, биз туризм тармагында мүчө мамлекеттер аралык кызматташуу долбоорунун биргелешкен программаларын ишке ашыруу планын кабыл алууну колдойбуз. Бул программага өткөн жылы Ташкентте кол коюлган”, - деди КР Президенти.

Пикир

Оставить комментарий