• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан ШКУга төрагалыкты өткөрүп алды

Саясат 0

Бишкек, 10.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда, Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жатат.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Саммиттин катышуучулары менен учурашып, сөз сүйлөдү жана ШКУдагы төрагалыкты Кыргыз Республикасына өткөрүп берди.

Мамлекет башчысы Кытай Кыргызстанга Саммитке даярдык көрүүгө көмөктөшөөрүн баса белгилеп, ШКУнун мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кийинки Саммити дагы жемиштүү өтөөрүнө ишенимин билдирди.

Жыйында чыгып сүйлөгөн мамлекет башчылары жана премьер-министрлер Кытайды ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы менен куттуктап, Кыргызстанга колдоо көрсөтөбүз деп ишендиришти.

Мамлекет башчылары ШКУнун алкагында мамилелердин келечеги туурасында сөз сүйлөп, уюмду келечекте өнүктүрүү пландары жөнүндө кеп кылып, региондун өлкөлөрүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктары тууралуу пикир алмашышты.

Бүгүн ШКУнун жыйынында Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Пакистандын Президенти Мамнун Хусейн, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев, ошондой эле Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди катышып жатышат. Андан тышкары байкоочу өлкөлөр катары Афганистандын, Белоруссиянын, Монголиянын жана Ирандын жетекчилери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий