• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Швейцарияга карызды "жашыл демилгелерге" алмашууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-майда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде суу ресурстары жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле алдыда боло турган суу форуму боюнча пикир алмашуу максатында өттү.

Министр Тургунбаев эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, маектештерин учурдагы иштер менен тааныштырып, абанын булганышына, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатында кызматташтыкты жөнгө салууну сунуштады.

Ал эми элчи Оливье Бангертер суу ресурстарын сактоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул багытта ишке ашырылып жаткан 5 долбоор тууралуу маалымат берди.

Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары да улантууга жана тереңдетүүгө умтулаарын ырасташып, мөңгүлөрдү сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Ага кошумча карызды “жашыл демилгелерге” алмаштыруу боюнча демилгенин алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кароо макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий