• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Сингапурдун хоккейчилерине бир дагы гол киргиздирбей жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 07.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 7-мартта, Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы Сингапурдун командасы менен оюн өткөрдү.

Дүйнө чемпионаты шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өтүүдө.

Кыргызстандык хоккейчилер 4 дивизиондогу командаларга караганда даярдыгы жогору турарын далилдеди. Оюндун биринчи бөлүгү 6:0, экинчи бөлүктө эсеп 10:0, ал эми акыркы бөлүктө эсеп 15:0гө өзгөрүп, Кыргызстан Сингапурдун командасын караандатпай жеңип алды.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын курамасы Иранды 13:1, Малайзияны 22:1 эсебинде жеңген.

Белгилей кетсек, аталган турнирде жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалы күч сынашууда.

4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын аймагында биринчи жолу өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий