• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан социал-демократтар партиясы XVI съездге делегаттарды көрсөтүүдө

Саясат 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Бүгүн, 4-июлда, өлкөдө Кыргызстан социал-демократтар партиясынын райондук жана шаардык, аймактык партияларынын конференциялары башталды. Алгачкы конференциялар Балыкчы шаарында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жана Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп өттү.

Конференциялардын күн тартибине аймактык уюмдардын алып барган иштери тууралуу маалымат берүүдөн сырткары, партиянын XVI съездине делегаттарды шайлоо да болгон. Иш-чарага активисттер, партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле Жогорку Кенештин КСДП партиясынын депутаттары менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Эске салсак, КСДП партиясынын кезектеги съезди үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Бишкек шаарында өтөт жана Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерди шайлоо чечими кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий