• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан субрегионалдык масштабдагы соода операцияларын ишке ашырууга аянтча болуп берүүгө даяр – Панкратов

Экономика 0

Бишкек, 17.07.18. / Кабар/. Кыргызстан субрегионалдык масштабдагы соода операцияларын ишке ашырууга аянтча болуп берүүгө даяр. Бул тууралуу Борбордук Азиянын аймактык-экономикалык кызматташтыгынын аналитикалык борборлорун өнүктүрүүнүн 3-форумунда Экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Ал Кыргызстан агро өнөржай комплексинде, текстиль-тигүү индустриясында жана башка тармактарда өндүрүүчү бирдиктин ролун алууга жөндөмдүү экенин айтты. Министр Кыргызстан соодага ачык өлкөлөрдүн катарына киргендиктен айткандары ишке ашышы мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Олег Панкратов Борбордук Азиянын аймактык-экономикалык кызматташтыгынын аналитикалык борборлору өнүгүп жаткан дүйнөдөгү масштабдуу көйгөйлөрдү эффективдүү чече алган тажрыйбалуу адистерди даярдоодо маанилүү роль ойной турганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий