• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Кыргызстан сулуусу- 2013» сынагынын жеңүүчүсү Жибек Нукеева каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. 2013-жылы Кыргызстандын сулуулар сынагын жеңип алган Жибек Нукеева узак ооруудан кийин көз жумду. Бул тууралуу белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн “facebook” социалдык баракчасына жазды.

Жибек Нукеева 2013-жылы Кыргызстандын сулуулар сынагынын жеүүчүсү болуп, Дүйнөлүк сулуулар сынагына дагы катышканга жетишкен. Ал рак илдетине чалдыкканын 2015-жылы кош бойлуу кезинде билип, дарыгерлер балага зыян келбеши үчүн аны айынан эрте төрөтүшкөнү белгилүү болгон. Кыргызстан сулуусунун айыккыс илдетке чалдыкканы туурасында коомчулукка 2016-жылы белгилүү болуп, анын дарылануусуна демөөрчүлөр жана жарандар тарабынан каражат чогултулган болчу. Ал өз учурунда чет өлкөгө дагы барып тажрыйбалуу адистерге көрүнүп, дарыланып келген.

Жибек Нукеева болгону 22 жашта болгон, анын артында бир баласы калды.

Пикир

Оставить комментарий