• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан светтик өлкө жана диний конфессиялары ынтымакта жашашы керек – Эргешов

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Кыргызстан светтик өлкө жана андагы конфессиялар ынтымакта жашап, бири-бирине түшүнүшүү менен караш керек. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов “Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалог” аттуу конференцияда билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн Конституциясында Кыргызстан светтик өлкө экени жана дин саясатташтырылбашы керектиги жазылган.

“Бүгүнкү иш-чара республикабыздын облустарында 2018-жылдын июнь айынан октябрь айына чейин өткөрүлүп келген форумдардын жыйынтыктоочусу болууда. Ошондой эле бул иш-чара КРнын 2014-2020-жылдарга дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат концепциясын ишке ашыруунун алкагында радикализм менен экстремизмди алдын алуу, башка адамдын көз караштарына, ишеничтерине, башка диндерге сый менен кароо, конфессиялар аралык диалогду бекемдөө жолдорун иштеп чыгуу максатында өткөрүлүп жатат”, - деди Эргешов.

Ал белгилегендей, өлкөбүздө диний ишенимине карап бөлүнүү жана басмырлоо болбошу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий