• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан сырттан 1 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алат – Назаров

Экономика 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Кыргызстан сырттан 1 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, учурда Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ал белгилегендей, калк үчүн электр энергиясынын баасы өзгөрбөйт.

"Бул жылдын күз-кыш мезгилине карата, келерки жылдын апрель айына чейин 1 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алууну пландап жатабыз. Бирок анын баасы калк үчүн белгиленген тарифтен кымбат. Бирок тариф көтөрүлбөйт. Биз башка булактарды таап жатабыз. Башка керектөөчүлөрдүн эсебинен ал чыгашаларды жабабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий