• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан «Түндүк» тутумун ийгиликтүү киргизгендиги үчүн Эстония Электрондук башкаруу академиясы тарабынан сыйланды

Коом 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Кыргыз Республикасы электрондук башкаруу тутумунун «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумун ийгиликтүү киргизгендиги үчүн Эстония Электрондук башкаруу академиясы (Е-GA) тарабынан сыйланды.

«Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы Эстония Электрондук башкаруу академиясынын жыл сайын өтүүчү конференциясына чакырылган.

Конференциянын уюштуруучулары «Түндүк» маалымат алмашуу тутумун татыктуу киргизүүсү жана электрондук башкарууну илгерилетүүсү үчүн Кыргыз Республикасына сыйлык тапшыруу чечимин бир добуштан кабыл алышты.

Эстония Электрондук башкаруу академиясы Кыргыз Республикасы тарабынан электрондук башкарууну киргизүү ишинде жетишилген ийгиликтерине канааттануу билдирди.

«Түндүк» ведомство аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму учурда ийгиликтүү ишке киргизилди. Азыркы тапта 19 мамлекеттик органдын ортосунда маалымат алмашуу жүрүп жатат. Биз бул иш эл аралык коомчулук тарабынан жогору баага татыганына кубанычтабыз», - деп баса белгиледи «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева.

Пикир

Оставить комментарий