• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан түрк дүйнөсүнө жана эл аралык коомчулукка «Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы» платформаны түзүүнү сунуштады

Президент 0

Бишкек, 12.11.21./Кабар/. «Кыргызстан түрк дүйнөсүнө, жалпы эле эл аралык коомчулукка «Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы» деген платформаны түзүү идеясын сунуштайт», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин саммитинде сүйлөгөн сөзүндө (ТМКК).

Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда дүйнөлүк геосаясий кырдаал курч бойдон калууда.
«Бул биринчи кезекте Афганстандагы акыркы айлардагы окуялар менен терең байланышта. Бул жагдай Борбордук Азия өлкөлөрүндө тынчсызданууну жаратууда. Албетте, биз бардык маселелердин тынчтык жолу менен, дипломатиялык диалог аркылуу чечилишин көздөйбүз. Анткени, Афганстанда абал курчуй берсе, Борбордук Азия өлкөлөрүнө да түздөн-түз залакасын тийгизет. Биз үчүн тынчтыктан артык дөөлөт жок», - деди ал.

Түзүлгөн кырдаалды эске алып, Президент Садыр Жапаров, Кыргызстан түрк дүйнөсүнө жана жалпы эл аралык коомчулукка «Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы» платформаны түзүүнү сунуштаарын билдирди. Ал Борбордук Азия - демографиялык өнүгүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлерин белгиледи.

«Ата-бабаларыбыз байыртадан тынчтыкта жана ынтымакта жашоонун принцибин, сабырдуулукту жогору баалап келген. Биз аны жаңы кырдаалда ыйык тутуп, биздин аймакты тынчтыктын, бир туугандыктын, ынтымактуу коңшулардын аймагы катары көргүбүз келет. Борбордук Азиянын элдери эзелтен тынчтыкты сүйүп, жанаша жашоонун принциптерин баалай билген», - деп түшүндүрдү Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстан түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү экенин эске салды. Ал Кыргызстан түрк дүйнөсүнүн ич ара карым-катнашына, бир туугандык байланыштарына мындан ары да активдүү катышуу ниетин билдирди.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы түрк мамлекеттеринин интеграциялык процесстеринин өнүгүшүнө бараандуу салымын кошот.
«Биздин тарыхыбыз да, тилибиз да бир, ата-бабаларыбыздан керээз калган насаатты ыйык тутуп, мындан ары да биргебиз жана биримдиктебиз», - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий