• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстан түрк өлкөлөрүнөн келген өнөктөштөр үчүн ар дайым ачык — президент Жээнбеков

Президент 0

Баку, 15.10.19. /Кабар/. «Кыргызстан түрк өлкөлөрүнөн келген өнөктөштөр үчүн ар дайым ачык», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы Түрк кеӊешинин өлкөлөрүнүн ортосунда IT-технологиялары боюнча жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууну сунуштайм, деп баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө Кыргызстанда Түркия, Казакстан жана Өзбекстан менен көп сандагы биргелешкен ишканалар иштеп жатканын баса белгилеп, азербайжандык жана венгриялык өнөктөштөр менен ишкердикти өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Мамлекет башчысы дагы бир маанилүү багыт катары Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жаштарынын ортосундагы боордош мамилелерди бекемдөөнү атап, бул келечекте Уюмдун туруктуу өнүгүшүнө татыктуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий