• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан түркиялык компаниядан ПЧР-тесттерин сатып алат

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрь күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев ПЧР-тесттерди чыгарган түркиялык "DS Bio ve Nano Teknolojileri A.Ş." компаниясынын башкы директору Динчер Шен менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ПЧР-тесттерин ыңгайлуу баада Кыргызстанга жеткирүү боюнча макулдашууга жетишишти. Ошол эле учурда, түрк компаниясы кыргыз адистерин окутуу үчүн өз адистерин бир жумага жиберүүгө жана кийинчерээк ПЧР анализин жүргүзүү үчүн QPCR жабдууларын өткөрүп берүүгө даяр экенин белгиледи", - деп билдирет элчилик.

Өмүралиевдин суранычы боюнча компаниянын башкы директору Динчер Шен Кыргызстанда ПЧР тестирлөөнү жүргүзүү үчүн толук кандуу лаборатория ачууга жана Кыргызстандын аймактарында тестирлөөнү жүргүзүү үчүн көчмө лабораторияны жабдууга даяр экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий