• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан Таиландда өтүүчү "Аалам сулуусу-2018" сынагына катышат

Маданият 0


Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Кыргызстан алгачкы жолу “Аалам сулуусу-2018” сулуулук сынагына катышат. Сынакка Кыргызстандан модель Бегимай Карыбекова барат.

Быйыл аталган сулуулук сынагы Таиланддын Бангкок шаарында 16-декабрда өтөт. Ал “Дүйнө сулуусу”, “Мисс Интернешнл” жана “Жер сулуусу” сыяктуу эң престиждүү сынактардын катарына кирет.

20 жаштагы Бегимай Карыбекова “Мисс Кыргызстан-2017” наамынын ээси. Былтыр ал “Дүйнө сулуусу” сынагында Кыргызстандын атынан чыгайын деген. Бирок Кытайдын КРдагы элчилиги ага виза берген эмес.

“Аалам сулуусу” – Жыл сайын өтүүчү эл аралык сулуулук сынагы. Алгачкы жолу Американын улуттук телекөрсөтүүсүнөн 1955-жылы көрсөтүлгөн.

Сынак 1971-жылга чейин АКШнын аймагында өткөрүлгөн. Андан кийин ар бир жылы башка өлкөдө өтө баштаган.

Пикир

Оставить комментарий