• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан таптакыр башка өлкө болду - Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 20.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-ноябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жыйынтыктоочу басма сөз жыйынын өткөрдү.

КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, “Суроо-жооп” форматында өткөрүлгөн иш чара эки сааттан узакка созулду. Басма сөз жыйынында 140тан ашуун журналисттер, саясат таануучулар жана медиаэксперттер катышышты.

Мамлекет башчысы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн 60тан ашуун суроолоруна жооп берди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин турмушундагы жакшы өзгөрүүлөр, ишке ашырылган реформалар, тышкы саясат, ошондой эле президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин эмне иш менен алектенээри туурасында айтып берди.

“Таанымал Гэллап институтунун маалыматы боюнча Кыргызстан Борбордук Азияда эң туруктуу жана келечектүү мамлекет катары таанылган. Биз күчтүү болдук, келечекте тагдырыбыз демократияны өнүктүрүүдө”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Басма сөз жыйынынын жүрүшүндө журналисттер мамлекетте жүргүзүлгөн саясат жана бийлик бутактарынын өз ара аракеттенишүүсү тууралуу кызыгышты. Тактап айтсак, парламентти таркатуу тууралуу жана келерки шайлоодо Мамлекет башчысы КСДП партиясынын тизмесин баштоо ниети жөнүндө суроо берилди.

“Ишенип койгула, мен кайсы бир кызматка барайын деген ниетим жок. Шайланган Президент менен Премьер-министр менин жардамыма жана байланыштарыма муктаж болуп калышы ажеп эмес деп ойлойм. Алдыңкы өлкөлөрдүн президенттери менен менин жеке мамилем бар. Айрымдары менен бир туугандык мамиле бар. Мен КСДП келерки парламенттик шайлоолорго даярдайм. Шайлоого өзүм барбайм. Бирок биринчи номер болом. Курамды өзүм тандайын деп жатам. КСДП парламент кандай болуш керек деген үлгү көрсөтүшү керек”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаевдин пикири боюнча акыркы 6 жылдын аралыгындагы эң негизги жетишкендик - өлкөдөгү бардык аткаминерлер “Президенттен тартып акыркы аткаминерге чейин коомдук пикир менен эсептешет”. “Көп учурда коомдук пикир аткаминерлерди кызматтан кетүүгө мажбур кылууда”, -деп баса белгиледи.

Басма сөз жыйынын жыйынтыктап, Мамлекет башчысы журналисттерге жаңыдан шайланган Президент Сооронбай Жээнбековду колдоп коюу өтүнүчү менен кайрылды. 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Конституциясына түзөтүүлөр күчүнө кирет, ага ылайык Өкмөткө караганда Президенттин укуктары кыйла чектелгендигин эске салды. Ошого байланыштуу Алмазбек Атамбаев министрлер кабинетинин ишмердиги коомчулуктун катуу көзөмөлүндө болууга тийиш деп эсептейт.

“Тегеректегилердин баары бизге суктанат. Кыргызстан таптакыр башка өлкө болду. Өлкөбүз эми алдыга гана өсүп, өнүгө берет”,- деп Президент Алмазбек Атамбаев сөзүн жыйынтыктап, басма сөз өкүлдөрүнө чоң ийгиликтерди каалады, журналисттер Кыргызстандын коомдук турмушунда өлкөнүн бардык чөйрөсүнө таасир эткен зор күч экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий