• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстан Ташкенттеги Борбор Азиялык соода форумуна катышат

Экономика 0

Ташкент, 11.10.18. /Кабар/. Ташкентте жыл сайын өтүүчү сегизинчи Борбор Азиялык соода форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстандын соода министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган форум жыл сайын Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн бизнес-чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын, көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмерлердин катышуусунда өтөт. Быйыл форумга миңден ашуун делегаттын катышуусу күтүлүүдө. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар.

Аталган форум бизнес-коомчулукка калкынын саны 70 миллиондон ашкан Борбордук Азиянын өнүгүп жаткан рынокторундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр менен таанышууга шарт түзөт.

Форумдун быйылкы темасы - “Соода жана инвестицияларды өнүктүрүүдө жаңы горизонттор”.

Пикир

Оставить комментарий