• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан таза суунун өлкөсү дейбиз, бирок калктын жарымы таза сууга муктаж – президент

Коом 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. Кыргызстан таза суунун өлкөсү дейбиз, бирок калктын жарымы турмуш-тиричиликте таза сууга муктаж. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан "Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог" конференциясында билдирди.

"Таза суу болбосо, улут саламаттыгы коркунучта. Таза суу болбосо – туризм кайдан өнүгөт?", - деди президент.

Анын айтымында, амбициялуу максатыбыз – жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот.

"Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 650 калктуу конушка таза суу жеткирилет", – деп кошумчалады Жээнбеков.

Президенттин айтымында, бул долбоорлорду каржылоо максатында Европа реконстукциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

"Биз аймактардагы таза суу долбооруна акча каражаттарын таап жатабыз. Эми жергиликтүү бийликтин милдети – бул каражаттарды максаттуу өздөштүрүү", - деди мамлекет башчы.

"Урматтуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ассоциацияларды түзүп, таза жана коррупциясыз иштегиле. Ичкен суунун эсебинен уурдагандар, элдин ырыскысын жегендер, эч качан жарыбайт", – деп кошумчалады Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий