• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан, Тажикстан ТИМ башчылары жана БУУнун баш катчысынын орун басары чек арадагы кырдаалды талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 24.09.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сироджиддин Мухриддин БУУнун башкы катчысынын орун басары Розмари Дикарло менен чек арадагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өткөн.

"Жолугушуунун катышуучулары кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экендигин билдирди. Мындан сырткары, 19-сентябрда кол коюлган протоколдогу макулдашууларды аткаруу маанилүү экендиги белгиленди", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий