• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Тажикстан жаштары чек ара аймагында мектеп китепканасын курушту

Аймак 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын жайгашкан айылдарынын жаштары, жергиликтүү тургундар менен биргеликте Таш-Тумшук айылындагы жалгыз мектепке китепкана куруп беришти. Бул тууралуу «Youth of Osh» уюмунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн менеджери Бегимай Бекболотова билдирди.

Программага ылайык, күндүн биринчи жарымында ыктыярчы жаштар китепкананы курулуш иштерин аткарышты. Күндүн экинчи жарымында лидерлик сапаттар, социалдык долбоор жазуу жана командада иштөө боюнча окутууларга катышып жатышты.

Тажикстандан келген катышуучу Бахромзод Кутбинисонун айтымында, мындай иш чаралар эки өлкөнүн жаштарын бириктирет. “Кыргызстандын аймагына жакын жайгашкан чек ара айылында жашап жатып, мен алар менен сүйлөшчү эмесмин. Мындан улам менде алар жөнүндө көнүмүш ойлор бар болчу. Жети күндөн бери алар менен аралашып иштеп, окуп жүрүп менин оюм түп тамыры менен алмашты. Көрсө алар бизге окшогон эле жаштар экен. Лагерь бизди бириктирип, бири бирибиз жөнүндө маалымат алууга шарт түздү”,-деди ал.

Ошондой эле, лагердин алкагында китеп чогултуу боюнча акция уюштурулган. Кыргызстан боюнча кайдыгер карабаган жарандар 600гө чукул китеп чогултуп, мектептин администрациясына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, Таш-Тумшук айылы Тажикстандын Ворух анклавында орун алган кичинекей айыл. Анда 50гө чукул үй бүлө жашайт. Көп жылдар бою айылда мектеп жок болгон. Окуучулар Ворухтан өтүп, 10 километр алыстыкта жайгашкан мектептен билим алышчу.

2010-жылы тургундар ашар жолу менен чакан мектеп курушкан. Анда класстар бар, бирок спорт зал, ашкана жана актовый зал жок.

Мектеп библиотекасынын ишке кириши андагы билим алган балдардын окуусуна таасир тийгизип, сапатын жакшыртат.

Аталган долбоор БУУнун балдар фонду тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий