• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан тажикстандык мугалимдер жана студенттер үчүн чек арасын ачты

Өкмөт 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга өткөн, же окутуучу/мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагындагы билим берүү процессине жеткиликтүүлүк берилди. Тийиштүү өзгөртүүлөр КРнын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы буйругуна киргизилди, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Документте белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына алдын ала берген сурамы боюнча жеткиликтүүлүк берилет.

Мурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстан Республикасынын жогоруда аталган жарандары, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын мектеп окуучулары, студенттери жана окутуучулары, анын ичинде этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча эки өлкөнүн чек арасын кесип өтүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган буйрук долбоорун киргизген.

Пикир

Оставить комментарий