• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 3 эл аралык конвенцияга кошулган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште “Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кабыл алынган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Аталган келишим экстремизм менен күрөшүү жаатындагы учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга каршы натыйжалуу аракеттенүүгө жол ачат. Мындай конвенция Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Конвенция Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыкчам иликтөө, тергөө сындуу иш-аракеттердин алкагында алдын алуу, экстремизмге биргеликте каршы аракеттенүү, укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү өз ара механизмдерин түзүп, экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы тараптардын мыйзамдарын өз ара шайкеш келтирүүгө жол ачат.

Депутат Аалы Карашев ШКУ мамлекеттеринин президенттери тарабынан бул келишимге 1,5 жыл мурда эле кол коюлганына карабастан, ратификациялык мыйзам долбоорунун парламентке өтө кечигип түшкөнүнө өкмөт өкүлдөрүнүн көӊүлүн буруп, аларды мындай документтерди тездетип даярдоого, ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 3 эл аралык конвенцияга кошулган. УКМК менен ИИМдин маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстанда 43 адам терроризм жана экстремизм беренелери боюнча жазасын өтөп жатса, 36 чет мамлекеттик жаран өлкө аймагынан чыгарылган. Ал эми интернет аркылуу экстремисттик маалыматтарды тараткан 16 веб-сайт жабылды. Мыйзамда экстремисттик аракеттер үчүн 3 жылдан 5 чейинки жаза мөөнөтү каралган.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий