• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн бир катар чараларды көрүп жатат – Никитенко

Коом 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча бир катар чараларды көрүп жатат. Бул туураkуу Жогорку Кеңештин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттин төрагасы Наталья Никитенко “Радикалдаштыруунун жана экстремизмдин жайылышынын алдын алуу максатында түрмөлөрдү натыйжалуу башкаруу үчүн эл аралык стандарттарды киргизүү” темасында өткөн тегерек үстөлдүн жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда соттук жана укук коргоо системасында реформалар өткөрүлүп жатат. Мындан улам мыйзам чыгаруу тармагында чоң өзгөрүүлөр күтүлүүдө.

“Биз экстремизмди жана терроризмди жайылтуунун себептери менен күрөшүүгө милдеттүүбүз”, - деди Никитенко.

Ал аталган маселени тез жана эффективдүү чечүү керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий