• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан тоо-кен тармагындагы ачыктыгы үчүн эл аралык сыйлыкка татыды

Коом 0

Бишкек, 23.10.17. /Кабар/. Кыргызстан казуу тармагынын ачыктыгы Демилгесинин “Бенециардык укук киргизүүдөгү прогресс” эл аралык сыйлыгын алды. Бул тууралуу КР Өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча салтанаттуу иш-чара бүгүн Джакарта (Индонезия) шаарында бенефициардык укук тууралуу конференциянын жүрүшүндө өттү. Мамкомитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов башкы сыйлыкты Демилгенин эл аралык башкармалыгынын төрагасы Фредерик Рейнфелддин колунан алды.

Өз кезегинде Рыскуловдун мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге, ошондой эле эл өкүлдөрүнө колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргызстандын өкмөтү жарандары үчүн 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясына, “Жаңы доорго 40 кадам” программасына, “Таза коом” санариптик программасына ылайык ачык мамлекет курууга жана бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга умтулууда”, - деди Мамкомитеттин төрагасы өз сөзүндө.

Маалымдама: Казуу тармагынын ачыктыгы Демилгеси – бул мунай, газ жана минералдык ресурстарды башкаруунун глобалдык стандарты. Стандарт өкмөт тарабынан компаниялардын жана жарандык коомдун кызматташуусунда киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий