• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кыргызстан - тоо лыжасы жана кышкы эс алуунун мекени” аттуу туристтик кайрымдуулук фестивалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. “Кыргызстан - тоо лыжасы жана кышкы эс алуунун мекени” аталышындагы туристтик кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Туризм департаменти 15- февраль күнү “ЗИЛ” тоо лыжа базасында өтө турган “Кыргызстан - тоо лыжасы жана кышкы эс алуунун мекени” аталышындагы туристтик кайрымдуулук фестивалына тоо лыжасын сүйүүчүлөрдү чакырат.

Бул иш-чара Кыргызстандагы кышкы спорт оюндарынын түрүн, туризмди өнүктүрүү, өлкөбүздөгү жарандарды сергек жашоого үндөө менен, социалдык жактан аз камсыз болгон топторго кайрымдуулук жардамын көрсөтүүнү көздөйт.

Буга чейинки өткөрүлгөн фестивалдарда келип түшкөн каражаттар 1 ооруканага, “Нурмэйайса” балдарын убактылуу туруучу борборуна, Онкология жана гематология улуттук борборунун балдар бөлүмүнө, Республикалык кан борборуна, “Боорукердик” жана “Алтын уя” балдар үйү, Ош шаарындагы жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы аялдардын психо-неврологиялык интернат үйү, “Рука в руке” аутист балдардын коомдук уюмуна жана Сосновкадагы балдар интернатына которулган.

Бул жолу өтө турган фестиваль учурунда конкурстар, аукциондор жана жарыштар, оюндар жана кайрымдуулук акциясына билеттер сатылат.

Фестивалды Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаменти, КР Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгы, КР Соода- өнөр-жай палатасы, Эл аралык ишкерлер кеңеши, Жөө туризм союзу, JICAнын бүтүрүүчүлөр ассоциациясы, Америка соода палатасы жана Улуттук бизнес ассоциация альянсы биргеликте уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий